Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Сот Акматбек Келдибековду коррупция беренеси боюнча актады


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибековду “Коррупция” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Келдибеков күнөөсүз деп табылып, кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганы айтылат.

2011-жылы Салык кызматын жетектеп турганда Акматбек Келдибековго “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы парламенттин спикери болуп иштеп турганда «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон.

2015-жылы Биринчи Май райондук соту “Коррупция” боюнча кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти жапкан. Ошол эле учурда 2016-жылы Бишкек шаардык соту экс-төраганы “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 10 миллион сом айып салган.

2021-жылы Жогорку Сот Келдибековго карата өкүмдөрдү жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG