Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Ижевск шаарындагы мектептеги ок атуу 13 кишинин өмүрүн алды


Ижевскидеги мектептин сыртына чогулгандар. 26-сентябрь, 2022-жыл.
Ижевскидеги мектептин сыртына чогулгандар. 26-сентябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Ижевск шаарындагы №88 мектепте белгисиз адам туш келди ок чыгарып, 13 киши, анын ичинде жети бала мерт кетти. Жыйырмадан ашык адам жаракат алды.

Удмуртиянын башчысы Александр Бречаловдун айтымында, ок аткан киши өз өмүрүн да кыйган.

"112" Телеграм-каналы он киши мерт болгонун жазды. Окуя 26-сентябрдын таңында болгон. Азырынча ок чыгарган кишинин тек-жайы аныктала элек жана эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Ал алгач мектептин күзөтчүсүн атып, андан кийин класстардын бирине кирип барып туш келди ок чыгарган.

№88 мектепте миңге чукул окуучу билим алат. 2021-жылы Казандагы гимназиялардын биринде Илназ Галявиев атуу адам туш келди ок чыгарып, анда дагы тогуз киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG