Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Орусия Украинанын төрт аймагында жасалма референдум өткөрө баштады


Луганск. 2022-жылдын 23-сентябры.
Луганск. 2022-жылдын 23-сентябры.

Украинанын Орусия жарым-жартылай басып алган төрт облусунда орус бийлиги колдогон топтор Орусиянын курамына кирүү тууралуу жикчил топтор референдум өткөрө баштады. Украинанын расмий бийлиги аталган аймактарда адамдарды мажбурлап добуш бердиртип, коркутуп, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, добуш берүү аяктаганча башка аймактарга чыгууга тыюу салып жатышканын билдирүүдө.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва көзөмөлдөгөн администрациялары уюштурган добуш берүү 23-сентябрда башталып, 27-сентябрда жыйынтыкталары айтылды.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Европада тутанган ири кармаш болуп жаткан учурда мындайжасалма референдумду уюштуруу дүйнөлүк уюмдун уставына карама-каршы келерин эскертти.

Талдоочулар бул өнөктүк Орусия Украинада баштаган согушунда уттуруп жатканынын дагы бир белгиси экенин белгилеп жатышат.

Добуш берүү көз каранды эмес байкоочуларсыз өтүп жатат. Аймактын калкынын көбү башка жактарга чыгып кеткен.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустары Украинанын жалпы аймагынын 15% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG