Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

Орусияда эки суткада тогуз аскердик комиссариатты өрттөө аракети болду


Орусиянын өрттөлгөн имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын өрттөлгөн имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

23-сентябрга караган түнү Орусиянын аймактарында төрт аскердик комиссариат жана административдик имараттарды өрттөө аракети катталды. Бул учурларды Sota басылмасы чогултуп аныктап чыкканын “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Мобилизация башталган эки күндө Орусияда жалпы 9 ушундай учур болду. Амур облусундагы Свободный шаарындагы комиссариатка күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытылган. Хабаровск шаарында белгисиз адамдар да аскердик комиссариаттын терезелерин “Молотов коктейли” менен урушкан.

Ушундай эле фактылар Алтай крайында, Костромада, Тольяттиде, Санкт-Петербургда, Нижегородскто жана Оренбургда, Забайкалский крайында да катталды.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Буга байланыштуу шаршемби күнү кечинде Орусиянын 38 шаарында нааразылык акциялары өтүп, 1400 адам кармалган. Кармалгандардын көбү Москвага жана Санкт-Петербург шаарларына туура келет. Аталган шаарларда полиция митингчилерге катуу чара көрүп, аларды желим куралдар менен сабады жана тизелетип, чөгөлөттү. Кармалгандардын арасында жабыркагандар да болду.

Орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин Орусиянын бардык аймактарында аскердик комиссариаттарды өрттөө аракеттери болуп жатат. Февралдан бери 29 ушундай учур катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG