Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Мүнхендеги кыргыздар Баткендеги каргашаны айыптаган акция өткөрүштү


Мүнхенде өткөн акцияда тартылган сүрөт.
Мүнхенде өткөн акцияда тартылган сүрөт.

Германиянын Мүнхен шаарында окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы каргашаны айыптап, Тажикстандын бийлигине нааразылык иретинде акция өткөрүштү.

Алар 22-сентябрда уюштурган акцияда чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты.

Ушундай эле акциялар буга чейин АКШда, Жапонияда жана Европанын башка шаарларында да өткөн.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 63 кишинин тизмесин жарыялады. Көз каранды эмес башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (SE\ELB)

XS
SM
MD
LG