Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

ӨКМ чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдүн саны 432ге жеткенин билдирди


Куралдуу кол салуудан талкаланган үй. Достук айылы, Баткен району. 14-17-сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кол салуудан талкаланган үй. Достук айылы, Баткен району. 14-17-сентябрь, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 22-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары аймактагы талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.

“Бүгүнкү күндө талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Комиссия 285 короо-жай, мал сарай жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганын аныктады. Эртеңден баштап курулуш иштерине даярдоо, калдыктарды тазалоо иштери башталат ", - деди Жолдошбаев.

ӨКМ өкүлү жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 63 киши каза болгонун, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG