Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Абактагы блогер Жекшеналиевдин саламаттыгы начарлаганы кабарланууда


Ырыскелди Жекшеналиевди ЮРФАга алып кирип баратышат. (сүрөт Эрлан Бекчоро уулуна таандык)
Ырыскелди Жекшеналиевди ЮРФАга алып кирип баратышат. (сүрөт Эрлан Бекчоро уулуна таандык)

14-августтан бери камалып турган активист Ырыс Жекшеналиев саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бүгүн, 22-сентябрда менчик медициналык мекемеге алып келингенин активист Эрлан Бекчоро уулу "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Азыр аны ЮРФАга (Бишкектеги жеке менчик лаборатория) алып келишти. Бул жерден жүрөгүн, белин жана башын аппаратка тарттырып жатышат. Ырыстын жүрөгү менен бели ооручу, тергөө абагында оорусу күчөп кетиптир. Биз аны тергөө абагынан ооруканага которууну талап кылып жатабыз, бирок укпай жатышат. Бул жолу да талап кылабыз".

Бекчоро уулу Ырыскелди Жекшеналиевдин медициналык лабораторияга алып келинген учурун тасмага тартып, Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды. Маалыматты ЖАМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" ырастады.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык соту 2-сентябрда Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 14-октябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырган. Сотто жактоочулардын Жекшеналиевдин кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө өтүнүчү да четке кагылган.

Активист эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG