Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

УКМК айың маалыматтарды таратпоого чакырды


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан талкаланган үй. Достук айылы, Баткен району. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан талкаланган үй. Достук айылы, Баткен району. Сентябрь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын чындыкка дал келбеген айың маалыматтарды таратуудан карманууга чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш башталгандан бери түрдүү жалган, такталбаган маалыматтардын агымы күч алганын белгилеп, бул аймактагы кырдаалдын ансайын курчушуна алып келерин эскертти.

Чек ара кызматы кыргызстандыктарды такталбаган маалыматтарды соцтармактарга жибербөөгө жана элди дүрбөлөңгө салбоого чакырды.

"Мамлекеттик чек арага байланыштуу бардык маалыматтар расмий сайттарда жана соцтармактардагы расмий баракчаларда жарыяланат", - деп жазылган маалыматта.

21-сентябрда кечке жуук Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген сөздөрдөн улам аймакта эл коопсуз жакка кача баштаганы тууралуу маалыматтар тараган. Чек ара кызматы бул маалыматтарды четке каккан.

Мекеме 22-сентябрь, саат 00.30га карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалган абалда тургандыгын кабарлады.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан.

Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.

Андан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды "агрессияга" айыптаган. Ок атышуу маалында каза болгондор арасында балдар да барын белгилеп, билдирүү тараткан.

19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG