Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Кулубаев Дүйшөмбүнү Алматы декларациясынын принциптерин сактоого чакырды


Куралдуу кол салууда талкаланып, өрттөлгөн үйлөр. Достук айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кол салууда талкаланып, өрттөлгөн үйлөр. Достук айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) жумушчу жолугушуусуна катышты. Жыйын Армениянын төрагалыгы алдында өттү.

Министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу маалымат берип, кырдаал "Тажикстандын кыйратуучу, чагымчыл жана мыйзамсыз аракетинин натыйжасында" кескин курчуп кеткенин айтты.

"Кулубаев БУУнун Уставында бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аранын бузулбастыгы, маселени тынч, дипломатиялык жол менен чечүү сыяктуу эл аралык нормалар жана башка жоболор орой мүнөздө бузулганын маалымдады. Тажикстан тарапты дал ушундай эле аймактык бүтүндүгүн, чек аранын бузулбастыгын сыйлоо тууралуу КМШнын 1991-жылдын 8-декабрдагы жана 21-декабрдагы Алматы декларациясынын принциптерин сактоого чакырды", - деп жазылган маалыматта.

Жыйында Армениянын төрагалыгы алдында уюмдун аткарган иштери, жыл аягында өтүүчү ЖККУнун Жаматтык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык тууралуу кеп болду.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн расмий билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан.

Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды да ушундай өңүттө айыптаган билдирүү тараткан.

19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG