Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

Мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси 10% төмөндөдү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси 2100 пункттан ылдый төмөндөдү. Биржа 24-февралдан бери алгачкы жолу ушундай деңгээлде соода жүргүзүүдө. РТС индекси 15-августтан бери биринчи жолу 1100 пункттан ылдыйлады.

Доллар менен евронун рублге карата курсу жогорулоодо.

Москва биржасында "Газпромдун", "Яндекстин", "Сургутнефтегаздын", "НОВАТЭКтин" акциялары терс динамика көрсөтө баштаганын адистер белгилөөдө.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Жети айдан кийин, 21-сентябрда өлкө президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу резервдеги 300 миң адам аскерге жөнөтүлөрүн билдирди.

Талдоочулар мобилизация жарыялоо орус бийлиги Украинадагы согушун уттуруп жатканынын белгиси экенин айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG