Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Акыйкатчынын кеңсеси чек арадагы жаңжалда адам укуктары бузулган учурларды каттап жатат


Аксай айылында талкаланган үйлөрдүн бири.
Аксай айылында талкаланган үйлөрдүн бири.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан адам укуктары бузулган учурларды каттоого алууда.

Баткен облусунда чек арада жайгашкан райондордон жана Оштун Чоң-Алай районунда аткылоого байланыштуу аргасыздан коопсуз жакка көчкөн жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына байланыштуу омбудсмендин орунбасары Альберт Колопов баштаган адистер мониторинг жүргүзүп жатат.

Чек арада ондогон адамдын өмүрүн кыйган каргашада жабыркагандар 115 ыкчам байланыш номуруна байланышса же Whatsapp аркылуу 0555 00 16 09 номуруна кайрылса болот.

14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Баштапкы эсепке ылайык, талкаланган турак жайлардын, социалдык объектилердин саны 300дөн ашат.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн 19-сентябрда расмий билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 59 адамдын тизмесин чыгарды. Жарадар болгондор жана талкаланган турак жайлар тууралуу тажик бийлиги маалымат бере элек. Көз карандысыз булактардан бул тууралуу тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бишкек соңку окуяны Тажикстандын "чыккынчылык менен кол салуусу" катары мүнөздөдү. Дүйшөмбү ага чейин Кыргызстанды "куралдуу агрессияга" айыптаган. (SE)

XS
SM
MD
LG