Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

УКМК: Чек арада кырдаал тынч


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан талкаланган үй. Ак-Сай айылы, Баткен району. 20-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан талкаланган үй. Ак-Сай айылы, Баткен району. 20-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады.

"Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок", - деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматы 20-сентябрдан тартып кыргыз-тажик чек арасын жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри күчөтүлгөн режимде кайтарылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 198 адам. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Жараат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG