Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Кыргыз-тажик чек арасы: жараат алгандардын саны 183 адамга жетти


Баткендеги облустук аймактык оорукана. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Баткендеги облустук аймактык оорукана. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин 19-сентябрь, саат 22:00го берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алган дагы 20 адам ооруканага кайрылды. Алардын ичинен 21 киши үйүнөн дарыланууга жиберилди. Жарадарлардын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы бейтапканаларда.

Жараат алгандардын 12си бала, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар экени кабарланган.

"Керектүү дары-дармек, кан жана башка медициналык жабдуулар жетиштүү" деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрда кеминде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрда чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоо аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG