Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:55

Еврокомиссия Венгрияны каржылоону азайтууну сунуштады


Еврокомиссиянын бюджет боюнча еврокомиссары Йоханнес Хан.
Еврокомиссиянын бюджет боюнча еврокомиссары Йоханнес Хан.

Европа Биримдигинин (ЕБ) аткаруучу органы – Еврокомиссия коррупциялык аракеттерге күмөн саноолор пайда болгону үчүн жана демократиялык жолдон четтегени үчүн Венгрияны каржылоону 7,5 млрд. еврого кыскартууну сунуштады.

Бул сунуш Евробиримдиктин уюмдагы 27 мамлекетте мыйзам үстөмдүгүн коргоого багытталган жаңы саясатынын алкагында кабыл алынды.

Бюджет боюнча еврокомиссар Йоханнес Хан бул маселени чечүү үчүн Венгрияда 19-ноябрга чейин убакыт бар экенин билдирди.

“Мында ЕБдин фонддорун пайдалануу жана башкарууга коркунуч жаратып жаткан мыйзамдардын бузулушу жөнүндө кеп болуп жатат. Биз Евробиримдиктин бюджети жетиштүү деңгээлде корголгон деген бүтүм чыгара албайбыз”, – деди Хан Брюсселде журналисттерге.

Йоханнес Хан Венгрияга уюмдун эң негизги каражаттары топтолгон “Бириктирүү фондунун” эсебинен акча берилип келгенин билдирет. Бул каражаттар мүчө өлкөлөргө экономикасын жана инфратүзүмдөрүн Евробиримдиктин стандарттарына шайкеш келтирүүсү үчүн берилет.

Кайсы бир өлкөгө каржылоону токтотуу уюмга мүчө 27 мамлекет тараптан бирдей жактырылышы керек. Бирикменин эрежелерине ылайык, бир өлкө жөнүндө чечим кабыл алган маалда Евробиримдиктин 65% калкын чагылдырган өлкөлөрдүн 55% ашыгы добуш берген учурда өттү деп эсептелет.

Өткөн аптада Европарламент “Венгрия толук демократиялык өлкө” деп аталган резолюция кабыл алган. Муну Венгриянын расмий жетекчилери сындап чыгышкан.

Венгриянын оңчул премьер-министри Виктор Орбан быйыл апрелде катары менен төртүнчү мөөнөткө шайланган. Ал буга чейин соттун көз карандысыздыгы, ЛГБТ коомчулугунун укуктары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана диний эркиндик маселелерине байланыштуу Евробиримдиктин жетекчилиги менен бир нече жолу чырдашып келген.

Орбан Орусиянын президенти Владимир Путин менен дос жана ал мурдараак орус газын рубль менен сатып алууга да макул болгон. Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды жалаң рубль менен сатуу шартын апрелдин башында киргизген. Орбан мурдараак Украинанын батышында жашаган мажар тектүү жарандардын укуктары тууралуу да маселе көтөрүп, расмий Киевге сөз ыргыткан учурлары болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG