Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:13

УКМК интернет колдонуучуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 18-сентябрда билдирүү таратып, "Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, фактыларды тескери бурмалап жатканын" кабарлады.

УКМКнын басма сөз кызматы Кыргызстанды терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылып жаткан билдирүүлөр социалдык медиада фейк аккаунттар тарабынан тарап жатканын мисал келтирген.

"Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө. Алардын арасында, “Саатбек Эгамбердиевдин” атынан жазылган аккаунт чындыгында анын өзүнө эч кандай тиешеси жок", - деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганчылыкка, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого да мүмкүн боло элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG