Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24

Баткенге жардам катары 9 млн. сомдон ашык акча чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке акыркы маалымат боюнча 9 млн. 862 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Бишкектеги Спорт сарайынын алдында Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Ал үчүн республикалык штаб ачылып, ага шаар тургундары азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана башка зарыл оокаттарды тапшырууда. Аймактардан дагы жардам жөнөтүлүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген. 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" "Азия Плюс" маалымат агенттигине таянып, ондон ашык киши өлгөнүн, бирок маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын билдирди. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 18:20га карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан чыңалып турганын кабарлады.

Анда “атышууну токтотуу жана чек ара аймактарынан аскер күчтөрдү чыгаруу боюнча келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап Кыргызстандын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок чыгарганы” айтылат. Учурда кыргыз тарап абалды жөнгө салууга аракет кылып жатканы кабарланды.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Оштун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берип, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтогонун кабарлаган.

Бүгүн, 17-сентябрда түштөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын жана Баткен районундагы Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын маалымдаган.

Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда "Душанбе", "Сархадчи", “Лахш” тозоттору кыргыз тараптын ок атуусуна кабылганын билдиргенин "Озоди" радиосу жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG