Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Иранда аялдардын укугун коргоп келген Махса Амини каза болду


Махса Амини.
Махса Амини.

Укук коргоочу Махса Аминини Тегерандын адеп-ахлак полициясы 13-сентябрда көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн кармаган эле. Күбөлөрдүн айтуусунда, полиция аны катуу сабаган. Кармалгандан бир нече сааттан кийин ал жоготкон билбеген ооруканага жеткирилген.

16-сентябрда анын каза болгону кабарланды. Тегеран полициясы 22 жаштагы укук коргоочу жүрөгү кармап көз жумганын маалымдады.

Махсанын жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын, саламаттыгы чың болгонун айтышууда.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтышууда. Алардын ичинде саясий активдүүлүккө тиешеси болбогондор, мисалы, ойноштук кылганда жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонгон учурда да өлүм жазасына тартылары айтылат.

XS
SM
MD
LG