Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:28

Аялдар жана кыздар үчүн SOS коопсуздук тиркемеси иштей баштайт


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы нускама. Иллюстрациялык сүрөт.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы нускама. Иллюстрациялык сүрөт.

Алдыдагы эки айда Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыздоо үчүн SOS коопсуздук тиркемеси ишке кирет. Бул азырынча пилоттук түрдө ишке ашып жатканын ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, коопсуздук тиркемеси Түркия полициясынын KADES деп аталган мобилдик тиркемесинин программасы менен иштейт. Долбоор Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун колдоосу менен ишке ашууда.

Программа үй-бүлөлүк зомбулуктан жана зордуктун башка түрлөрүнөн кыз-келиндерди коргоо жана керектүү учурда жардам берүү максатында түзүлгөн.

SOS тиркемеси кол телефонго орнотулат. Ага геолокация функциясы кошулат, зарылчылык болгондо тиркемени басса жакынкы аралыктагы милицияга зомбулук тууралуу маалымат түшөт.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG