Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Чек ара кызматы тажик тарапты чагымга, кол салууга айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды",-деп айтылат.

"Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана провокациялардын көбөйүп баратканын, тажик аскерлери катары тек-жайы аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууга активдүү катышып жатканын белгилейт. Ошондой эле кыргыз жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалап жатат. Мунун баары чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана тажик бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратып, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатканын, кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарганын билдирген. Анын алдында кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын маалымдаган. Баткен облустук администрация соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат.

"Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, төрт жоокер жарадар болду. Райондун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен бирге чек арада жүрөт. Ал эми жалпы кырдаалды Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда",-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында 15-сентябрда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткендеги Төрт-Көчө аймагында жолуккан. Атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Ал жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айткан. Ошонжой эле тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алган.

Тажик бийлиги чагым тууралуу дооматтарга комментарий бере элек.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда "кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу " өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

"Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады" деп жазды "Озоди" радиосу.

XS
SM
MD
LG