Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

Изюмдун жанындагы токойдон сөөктөр жапырт көмүлгөн жай табылды


Изюм шаарынын жанындагы токойдогу сөөктөр жапырт көмүлгөн жай. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Изюм шаарынын жанындагы токойдогу сөөктөр жапырт көмүлгөн жай. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Украинанын Харьков облусуна караштуу Изюм шаарынан орус аскерлери чегингенден кийин токойдон сөөктөр жапырт көмүлгөн жай табылды. Олбустук полициянын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сергей Болвин кеминде 440дөй адамдын сөөгү көмүлгөнүн, соттук-медициналык текшерүүгө жөнөтүлөрүн билдирди.

"Настоящее Время" телеканалы Изюмдун жанындагы токойдогу көрүстөн тартылган сүрөттөрдү украиналык журналисттерге шилтеме кылып жарыялады.

Мунун алдында өлкөнүн коргоо министринин кеңешчиси Алексей Копытько Изюмда “оккупанттар жасаган кыйроонун көлөмү чоң” экенинин билдирген. Буга чейин аталган шаарда жүздөгөн адам мерт болгону тууралуу маалыматтар чыккан.

Украин президенти Владимир Зеленский 14-сентябрда Изюмга барган.

Украина Изюмду апрель айынан бери ээлеп алган орус армиясынан 10-сентябрда бошоткон. Бул шаар ушул жылдын февраль-март айларында согуш жаңы баштаганда кыйроого учураган.

Украинанын армиясы августтун аягында контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул аймакта Изюмдан сырткары Балаклея сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.

XS
SM
MD
LG