Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:04

Жапаров ШКУ жыйынына катышуу үчүн Самаркандга барды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барып, зыярат кылды.

Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 14-16-сентябрь күндөрү өтө турган саммитине катышат. Президенттин басма сөз кызматынын буга чейинки маалымдашынча, жыйында көп таратуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланат.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолугат.

Саммитке ШКУда байкоочу статусуна ээ болгон Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери да катышат. Андан сырткары Түркмөнстандын, Түркиянын, Армениянын жана Азербайжандын президенттери, бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилиги ардактуу конок катары келет.

ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө. (TSh)

XS
SM
MD
LG