Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Си Цзинпин Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды


Си Цзинпин жана Касым-Жомарт Токаев. Казакстан, 14-сентябрь, 2022-жыл.
Си Цзинпин жана Касым-Жомарт Токаев. Казакстан, 14-сентябрь, 2022-жыл.

14-сентябрда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстанга бир күндүк мамлекеттик сапары менен барды. Аны Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алып, өлкө жетекчилери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Казакстандын президентинин сайтына чыккан маалыматка караганда, Си Цзинпин жолугушууда Казакстанда туруктуулукту колдой турганын айткан.

“Биз стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сиз жүргүзүп жаткан реформаларды толугу менен колдойбуз жана өлкөңүздүн ички иштерине ар кандай күчтөрдүн кийлигишүүсүнө чечкиндүү каршыбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Си Цзинпин эки жарым жылдан бери чет мамлекетке сапарга чыга элек болчу.

Жолугушуудан кийин эки лидер Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 14-16-сентябрь күндөрү өтө турган саммитине катышуу үчүн Самаркандга барышат. Өзбекстандагы саммиттин алкагында Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланган.

XS
SM
MD
LG