Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

Зеленский Орусиянын аскерлеринен бошотулган Изюм шаарына барды


Владимир Зеленский Изюм шаарында Украинанын аскерлери менен.
Владимир Зеленский Изюм шаарында Украинанын аскерлери менен.

14-сентябрда Крым.Реалии сайты Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аскерлеринен бошотулган Харьков облусундагы Изюм шаарына барганын жазды. Маалыматка караганда, ал шаардан орус күчтөрүн сүрүп чыгарган украин аскерлерине ыраазычылык билдирип, курман болгондордун элесине таазим кылды.

“Мурда биз өйдө караганыбызда дайыма көк асманды издечүбүз. Бүгүн биз өйдө карап, бир гана нерсени - Украинанын желегин издеп жатабыз. Биздин туу Изюмда желбиреп турат жана Украинанын ар бир шаарында, айылында болот. Биз бир гана багытта – алдыга жана жеңишке баратабыз”, - деди Зеленский.

Буга чейин Изюм шаардык кеңешинин депутаты Максим Стрельник шаарда өтө оор гуманитардык кырдаал түзүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, тамак-аш жана тазалык каражаттары жетишсиз болууда.

Украинанын армиясы августтун аягында контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул шаарда Балаклея, Изюм сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.

XS
SM
MD
LG