Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

"Дин маданиятынын тарыхы" китебиндеги өксүктөр


Блогдун автору Конституциялык Кеңешменин мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын доценти Мурат Иманкуловдун быйыл мектептерде окутулуп жаткан "Дин маданиятынын тарыхы" тууралуу ой-толгоосу.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!

Кыргызстандын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-февралында өлкөдөгү "радикализм менен экстремизмдин алдын алуу, ошондой эле Кыргызстандын жаш муундарынын диний сабаттуулугун жогорулатуу" максатында 9-класстар үчүн "Дин маданиятынын тарыхы" курсун киргизүү чечимин кабыл алган.

2014-жылдын 7-февралында президент Садыр Жапаров "Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу" жарлыкка кол койгон.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү 9-класстар үчүн "Дин маданиятынын тарыхы" предмети боюнча окуу программасы жана окуу китебин иштеп чыккан (авторлор: И.Ш. Асланова, М.К. Иманкулов, Г.К. Исаева, Н.У. Курбанова, К.А. Курманалиев, З.Дж. Чотаев).

Окуу китеби пилоттук долбоор катары 2015-2016-окуу жылында 10 билим берүү мекемесинде, 2016-2017-окуу жылында 20 жалпы билим берүү мекемесинде сынак өткөрүү үчүн киргизилген.

2017-2018-окуу жылында 56 мектепте үчүнчү жолу сынактан өткөрүлгөн.

Предметтик стандарттын негизинде жана 2017-2018-окуу жылында 56 мектепте өткөрүлгөн сынак учурундагы сын-пикирлерди эске алуу менен окуу программасы кайра иштелип чыккан.

Бирок убагында тиешелүү каражаттар бөлүнбөй калган жана андан кийин пандемияга байланыштуу бул предметти окуу процессине киргизүү иши токтогон.

Ал кайра жанданып, Министрлер кабинетинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептерине "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин киргизүү жана диний маданиятты жогорулатуу чѳйрөсүндѳгү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Быйыл 8-июнда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Анда "Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш", - деп белгиленген.

Жарлыкты ишке ашыруу максатында ушул жылдын 1-сентябрынан баштап мектептерде "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин окутуу каралган. Бул предмет жаштарда диний толеранттуулукту калыптандыруу үчүн өтө зарыл. Анткени өзүнүн жана башкалардын диний маданияты жөнүндө билимдин аздыгы дин жөнүндө бир жактуу пикирлерге, стереотиптик ой жүгүртүүгө, кээде динге ишенгендердин диний практикасын чечмелөөдө жана баалоодо агрессивдүүлүктү жана адекваттуу эмес мамилеге алып келет.

Жумушчу топ 7-8-9-класстар үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" боюнча предметтик стандарт иштелип чыгып, ал министрликтин коллегиясында бекитилди. Жаңы предметтик стандарт Кыргызстандын Конституциясына, мыйзамдарына шайкеш келет.

Компетентсиздиктен же атайын эле бурмалашып, окуу программасында 7-класстарда биринчи "руханий, адеп-ахлактык баалуулуктар" тилкесине, 8-класстарда экинчи "диндердин тарыхый мейкиндиги" тилкесине, 9-класстарда үчүнчү "диний негиздерди таанып-билүү" тилкесине ылайык мазмун түзүлгөн.

Программада, мисалы: 7-класста "Буддизмдеги адептик баалуулуктар", "Христианчылыктагы адептик баалуулуктар", "Ислам дининдеги адептик баалуулуктар" деген темалар кирип, 8-класста "Буддизмдин пайда болуу жана өнүгүү тарыхы", "Христианчылыктын пайда болуу жана өнүгүү тарыхы", "Ислам дининин пайда болуу жана өнүгүү тарыхы", 9-класста болсо "Буддизмдин негиздери", "Христианчылыктын негиздери", "Ислам дининин негиздери" сыяктуу темалар кирген.

Окуу программасынын долбоорунда диндер пайда боло электе, диндердин адептик баалуулуктары окутула турган болот. Натыйжада, диндер жөнүндө маалыматтар чачыранды болуп бөлүнүп, системалуулук жок. Программанын мындай структурасы тигил же бул дин тууралуу бирдиктүү, комплекстүү маалымат алуусуна тоскоолдук кылат. Бул тууралуу көп жолу айтылган сын-пикирлер кабыл алынбагандыгын белгилей кетүү керек.

Программада ислам динине өтө көп орун берилгенине карабастан, ислам дининин пайда болушу, өнүгүшү, анын руханий, адеп-ахлактык баалуулуктары, диний негиздерди таанып-билүү бир топтомдо болушу керек эле. Ал бул дин тууралуу системалуу билим бермек. Маалыматтар чачкын болуп, бирдиктүү, толук маалымат алууга тоскоолдук кылат. Натыйжада, исламга 75% көлөм бөлүнгөнүнө карабастан, ислам дини тууралуу толук берилбей калган. Мисалы, исламдын бир бутагы болгон шиизмге: "Шиизм: пайда болуу тарыхы, агымдары жана учурдагы абалы" деген темада болгону жарым саат бөлүнгөн.

Ушул программага ылайык 9-класстары үчүн окуу китебин даярдалган. Окуу китебинде түздөн-түз ислам темасына 17 саат же 50%, ислам жарым-жартылай же аралаш темаларга 8 саат же 23%, башкача айтканда, толук же жарым-жартылай 73% берилет. Ошол эле мезгилде буддизм жана христианчылыкка 4 саат же 11%, бөлүнгөн. Калган беш саат же 15% резерв катары, мугалимдин кароосуна берилген.

Натыйжада, "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин киргизүүнүн негизги максаты жүзөгө ашпай, аны кандайдыр бир диний топтун же чет элдик уюмдун атайын тапшырмасын аткарып жаткандай маанай жаратат.

Жарлыктагы "9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан "Диндердин өнүгүү тарыхы" окуу-методикалык комплексин толуктап иштеп чыксын, экспертиза жүргүзсүн жана басып чыгарсын" деген жобо да бузулду. Ал үчүн мурда иштелип чыгып, үч жолу сынактан өткөн 9-класстар "Дин маданиятынын тарыхы" боюнча окуу китебине эки дин аалымын (А.Исмаилов жана М.Ибраев) кошуп, толуктап иштеп чыгуу макулдашууга жетишилген.

Бирок окуу китебине оңдоолорду киргизүү учурунда мурда макулдашылгандай дин аалымдарынан эки эмес жети автор, бардыгы тогуз автор кошулуп алды. Натыйжада алар толуктаган окуу материалдарынын саны 50% эмес, 90% түздү. Мурдагы окуу китебинен Г.Исаевага тиешелүү делген параграфтар гана калып жатат.

Азыркы автордук топтун мүчөлөрү: Доталиев А. К., Исаева Г. К., Исмаилов Ш. А., Ибраев М. К., Кадырбердиев А. Н., Мырзаибраимов С. А., Иминов А. Ж. Алардын ичинен Кадырбердиев А. Н. - Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы, Ибраев М. К. - аталган кеңештин мүчөсү. Демек дин уюмунун өкүлдөрү билим берүүнүн мазмунун аныктоого катышып жатат десек болот. Бул жарлыкта белгиленген "диний бирикмелердин, дин жана диний ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салууну киргизет" деген жобого карама-каршы келет.

Фактылар көрсөтүп тургандай, дин аалымдары жетишилген компромисстик макулдашууну сактабай, бузгандыгына байланыштуу окуу материалдары кирбей калган авторлор өз фамилияларын коштурбай, өз алдынча башка толуктоолорду киргизе турганын билдирди.

Жогорудагылардын бардыгы, мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги диний эмес билим берүү принцибине шек келтирген же аны эске алгысы келбей коюу аракеттери да жасалып жаткандыгын белгилөөгө болот.

Мисалы, окуу китебинин 8-9-беттеринде: "...ар бир динде кандай баалуулуктар болсо, ошол баалуулуктарды жараткан Жаратуучу ар кандай булактар (китеп, пайгамбар) аркылуу адамдарга жеткирген жана түшүндүргөн. Эң негизгиси - бул баалуулуктарга ишенүү жана моюн сунуп аткаруу", 12-бетте: "Намаз жамандыктардан тосот, орозо калкан" деп айтылып келет" деп жазылган.

Бул мисал Кыргызстандын Конституциясынын 1- жана 9-беренелери, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 4-беренеси жана "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 5-беренеси бузулуп жаткандыгынын далилдеринин бири.

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектепте дин тарыхын үйрөнүү менен диний билим берүү түшүнүгүн чаташтырган, түшүнбөстүктөр орун алууда.

Дин аалымдары дааватчылык же миссионердик жана педагогикалык кызматты, диний уюмдардагы билим берүү менен мектептеги билимди айырмалай албай жатышат. Педагогикалык процессте баланын ишеним эркиндигине кол салуу, анын ички жашоосуна адепсиз кийлигишүү, эң оор жарааттарга жана кесепеттерге алып келген, педагогикалык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга кирет.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин жана диний ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салууну киргизет", - деген жобо бурмаланып жаткандыгын белгилөөгө болот.

Светтик мамлекетте диний уюмдар менен мамлекет бири-биринин ишине кийлигишпейт. Мамлекеттин светтик мүнөзү, анын укуктук системада болушун жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана диний уюмдардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын так бөлүштүрүү принцибинин болушун билдирет. Мамлекеттин светтик мүнөзү динге каршы дегенди билдирбейт.

Демек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (муфтият) иштерине мамлекет, мамлекеттин иштерине, өзгөчө билим берүү тармагынын иштерине муфтият кийлигише албайт. Бирок алар кеңеш берүүчү функцияны аткарып, мамлекеттик органдар менен кызматташууга болот.

Муфтияттын жана Дин комиссиясынын өкүлдөрү Садыр Жапаров менен жолукканын жана президент алардын демилгесин колдоп, мектептерде динди, анын ичинен ислам дини окутууну колдогонун билдиришүүдө. Мындай болушу мүмкүн эмес, анткени президент Жапаров Конституциясынын гаранты катары аны коргоого милдеттүү. Ошондуктан президент Конституцияны, мыйзамдарды буза албайт жана башкаларга да бузууга жол бербейт деген пикирди билдирдим. Министр, министрлик жөн гана президенттин тапшырмасын аткарып жатканын айтышты.

Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, абалды түшүндүрүү аракетим тогуз айдан бери ишке ашпай келатат.

Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG