Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Күрөш: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты


Жоламан Шаршенбеков. Архив.
Жоламан Шаршенбеков. Архив.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. 12-сентябрда ал жарым финалда казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашып 7:0 эсеби менен жеңди.

Эми 13-сентябрда финалдык беттеште болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарян менен күрөшөт.

Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0) утуп алган.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге алган (2018-ж., 2021-ж.). Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-ж.). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-ж.). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген (2017-ж.).


Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышууда.

11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон.

XS
SM
MD
LG