Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:20

Күрөш: Шаршенбеков жана Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты


Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова.
Архив сүрөт. Айсулуу Тыныбекова.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова жарым финалдык таймаштарга чыгышты. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 12-сентябрда Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта эки атаандашын утуп, жарым финалга чыкты. Алгач 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0) утуп алды. Алдыда жарым финалда казакстандык Айдос Султангали менен күрөшөт.

Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда болгариялык Блиана Живкова Дудованы, чейрек финалда германиялык Луиса Хелга Герда Ниемешти жеңди. Алдыда жарым финалда жапониялык Нонока Озаки менен беттешет. Тыныбекова менен Озаки буга чейин быйыл апрель айында Монголияда өткөн Азия чемпионатынын финалында беттешип, ал таймашта жапониялык жеңишке жеткен.

Дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 20:30да башталат.

Бул күнү грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшөт.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге алган (2018-ж., 2021-ж.). Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-ж.). Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган (2019-ж.). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду (2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген (2017-ж.).

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло байге алган. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Азия чемпионатынын төрт алтын, эки күмүш жана бир коло байгесинин ээси.

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышат.

XS
SM
MD
LG