Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

Чехиянын мурдагы премьер-министри Бабиштин соту башталды


Андрей Бабиш. Архив.
Андрей Бабиш. Архив.

12-сентябрда Прагада Чехиянын мурдагы премьер-министри Андрей Бабиштин соту башталды. Ал Евробиримдик берген 2 миллион евро субсидияны кымырып алган деп шек саналууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Андрей Бабиш каражатты Прагага жакын жердеги мейманканасынын конференция өткөрө турган борборун курууга жумшаган.

Саясатчы тагылган айыпты четке кагып, козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт.

Айыптоочу тарап Бабиш чакан бизнеске берилген Евробиримдиктин жардамын алуу үчүн ал мейманканын ээси экенин жашырып койгон деп билдирген. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, Бабиш абакка кесилиши мүмкүн. Бирок прокуратура аны шарттуу түрдө кесип, айып пул төлөтүүнү суранууда. Соттун чечими октябрдын ортолорунда чыгат деп күтүлүп жатат.

68 жаштагы Андрей Бабиш - ишкер, миллиардер, химиялык өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өндүргөн жана маалыматтык компаниялардын ээси.

Чех парламентиндеги ANO партиясынын башчысы кылмыш ишинин козголушун өзүн Чехияда келерки жылдын башына белгиленген президенттик шайлоого катыштырбоо аракети деп баалайт.

Ал 2014-2017-жылдары Чехиянын финансы министри болуп, 2017-2021-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган.

XS
SM
MD
LG