Украин бийлиги Орусия согуштук күчтөрүнүн тартыштыгын толтуруу үчүн Кыргызстандан жалданмачыларды тартып жатканын маалымдады. Буга тушташ орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан өзбекстандык жарандар кармалды.
Мурдараак Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан кишилерди согушка азгырып жатканы ачыкка чыккан.
Кармалган жалданмачылар
Согушка катышып жаткан кыргызстандыктар тууралуу маалыматтарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жаңы билдирүүсүндө келтирди. Күн сайын берилип турчу ыкчам билдирмеде фронттогу өзгөрүүлөр, жок кылынгандар, кармалгандар жана кармаш талаасына тартылып жаткандар жөнүндө айтылып турат.
Башкы штабдын өкүлү Александр Штупун ишемби күнкү докладында орус тарап алып келип жаткан жалданмачылар тууралуу буларды билдирди:
“Орус аскерлеринин өздүк курамын чыңдоо үчүн келгендердин арасында “жанынан түңүлүп” келгендердин саны арбып жатат. Орусиянын жетекчилиги резервдерди толтуруу үчүн дайыма жаңы булак издөө менен алек. Жогору көлөмдө акчалай акы жана социалдык пакеттерди сунуштоо менен социалдык түйүндөрдөгү тайпалар аркылуу жалдаганга аракет кылууда. Анын ичинде Кыргыз Республикасындагы кызматтан кеткен аскерлердин арасынан ыктыярчыларды тартып келүүдө”, – деди ал.
Украин армиясы августтун аягында контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.
Он күндөн бери алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул шаарда Балаклея, Изюм сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.
Колго түшкөндөрдүн арасында борборазиялыктар да бар экени маалым болду. Украиналык аскердик кабарчы Юрий Бутусов 10-сентябрда өз каналында жарыялаган видеодо эки өзбекстандык кармалганы көрсөтүлгөн. Алардын колу-буту, көзү-башы байланган, аскерлер сурак кылып жатат.
Сурак жүргүзүүчү: Фамилияң кандай?
Биринчи туткун: Бойжанов.
Сурак жүргүзүүчү: Кайсы жактан келдиң?
Биринчи туткун: Өзбекстандан келдим. Самарканддан болом.
Сурак жүргүзүүчү: Өзбекстандан канча киши келди?
Биринчи туткун: Эки киши. Москвада иштечүбүз. Документ болгон эмес, беш жылдан бери курулуштамын. Кармап, бул жакка жөнөтүп жиберишти.
Сурак жүргүзүүчү: Машинеде канча киши бар эле?
Биринчи туткун: Машинеде беш киши болчубуз.
Сурак жүргүзүүчү: Кайсы жерде түнөдүңөр?
Биринчи туткун: Билбейм.
Аскерлердин биринчисинен сурак жүргүзүлүп жаткан маалда, кадрда экинчи туткунду алып келатканы көрүнүп турат. Ал алгач таптакыр үн-сөзсүз туруп, кийин ал дагы украин аскерлеринин суроолоруна жооп бере баштайт.
Сурак жүргүзүүчү: Аты-жөнүң ким?
Экинчи туткун: Ахмедов Мухлиддин.
Сурак жүргүзүүчү: Өлкөң, шаарың кайсы?
Экинчи туткун: Өзбекстан, Самарканд.
Сурак жүргүзүүчү: Жашың канчада?
Экинчи туткун: 22демин.
Сурак жүргүзүүчү: Кайсы жерде кызмат кылгансың?
Экинчи туткун: Эч жерде.
Сурак жүргүзүүчү: Жеке аскердик компаниябы? Аталышы кандай?
Экинчи туткун: Ооба, “Редут” деп аталат.
Сурак жүргүзүүчү: Кайсы бөлүмдө жүрдүң?
Экинчи туткун: Миномёттук батареяда болчумун.
Орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан аскердик жеке компаниялардын түзүмүнүн курамында кыргыз, өзбек, казак, тажик жарандары мерт болгону же кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин да чыккан. Бирок туткунга түшкөндөрдүн видеосу чыга элек болчу.
Бул видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн нота жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.
Бийлик да, адистер да эскерткен
Украинадагы согушка катышуу үчүн түзүлгөн “Ыктыярдуу батальондор” (иш жүзүндө келишимдик негиздеги жалданмачылар) Орусиянын ар кайсы аймактарында жаз айларынан тартып түзүлө баштаган. Андан бери Чеченстанда, Татарстанда, Башкырстанда, Перм крайында, Киров жана Нижогород облустарында өздөрүнүн отряддары пайда болгон.
Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер Орусия президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) сыяктуу менчик компаниялар жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат.
Ушунун фонунда Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги өзбек мигранттарын Орусияда жумуштарды этияттап тандоого үндөгөн.
“Айрым маалымат каналдары Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандарын Орусияда жогору маяна менен жумушка чакырган жарыяларды таратып жатышат. Бул кулактандыруулардын негизги максаты - жарандарды Орусия менен Украинанын ортосундагы куралдуу жаңжалга тартуу. Ушуга байланыштуу биз мекендештерди чет жакта жумуш сунуштаган расмий эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз”, – деген коңшу өлкөнүн мекемеси июлдагы билдирүүсүндөгү.
Өзбекстандын мамлекеттик агенттиги өз маалыматында башка мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышкан жарандар “жалданмачылык” беренесинин негизинде жоопко тартыларын эскерткен. Бул боюнча айыпталгандар аталган өлкөдө 5 жылдан 10 жылга чейин камалат.
Мурдараак журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктап чыккан.
Токтакуновдун Youtube каналында жарыяланган иликтөөдө айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы убадаланып, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.
Иликтөөнүн алып баруучусу Арген Бактыбек уулу мындай кызыктуу жумуш шарттарына ынанымдуу кепилдиктер берилбегенин баяндаган.
"Орусиядагы жеке күзөт кызматтарында 30 күн иштеп, 30 күн эс алган иш жумушсуз кыргызстандыктар үчүн эң бир жакшы мүмкүнчүлүктөй туюлат. Бирок чынында байланышканда алар башка жумуш сунуштайт экен. Бизге алдын ала даярдалган каттар жиберилди. Анда бизге төрт айлык жумуш үчүн ай сайын 240 миң рублден маяна сунушташты. Ал эми алты айдан ашуун иштегендерге Орусиянын жарандыгын алуунун оңой жолдорун көрсөтүшөт. Эң башкысы жалданма аскер Украинадагы атайын аскердик операциянын тапшырмаларын аткарып турат. Жабыркаган учурда эч кандай кенемтелер каралган эмес. Айлык акысын чын эле төлөп беришеби, анын кепилдиги да белгисиз".
"Вагнер" жана башка аскердик жеке компаниялар Орусиянын, башка өлкөлөрдүн жарандарын азгырып, андан сырткары түрмөдө жаткандарды, миграциялык мыйзам бузгандарды да тартып жатканы айтылган.
Кыргызстандын атайын кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” программасында мындай аракеттер 2014-жылы Донбасста куралдуу жаңжал тутанган учурда эле башталганын билдирген. Ал Борбор Азиядан мурда баргандар идеологиялык жактан азгырып барышканын, азыркылардын көбү финансылык жактан алданып калып жатышканын айткан.
“Негизинен 80-90 пайызы каражат табууну көздөшөт. Мисалы, эгерде согушка катышса, 200 миңдин (рубль) тегерегинде, жарадар болуп калса, 3 миллионго жакын, кокус каза болуп калса, анын үй-бүлөсү 7 миллиондон ашык рубль алат деген шарттар бар. Андан тышкары Орусиянын көп облустарында губернаторлор дагы кошумча акча бөлүп жатышат. Бул жагынан да азгырылгандар аз эмес. Бул Орусия тарапка кошулган кыргыз жарандары. Ошол эле кезде Украинада жашаган, же болбосо окуган же мурун ошол жакта жашап кеткен кыргыз жарандары да украин тарапка өтүп, согушуп жатканы белгилүү болууда”, – деген Медетбеков.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исломжан Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев, Мирлан Тохтакунов аттуу кыргызстандыктар согушта каза болгону кабарланган. Кийин орус паспорту жок, Кыргызстандын гана жараны болгон эки адам – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Орусиянын күчтөрүнүн катарында жүрүп, Украинада мерт болгону белгилүү болду. Алардын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилди.