Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

Башкы прокурор: Курманбек Бакиевдин эрки жетсе келсин, иши тергелет


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

12-сентябрда башкы көзөмөл органдын жетекчиси Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушууда өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевге байланыштуу суроого жооп берди. Оштун тургуну Майсалбек Раимбердиев мурунку президенттин кылмыш ишине кызыкты.

“Курманбек Салиевичтин кылмыш иштери боюнча өкүм чыккан. Алып келүү боюнча ал мамлекеттен жооп ала албай жатабыз. Эгерде келгенге эрки жетип, ачык сот кылам, тергөөгө көрсөтмө берем десе, эч ким тоскоолдук кылбайт. Келсин, тергейбиз. Иш боюнча өкүм чыккан”, - деди Зулушев.

Жакында эле Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун башкы көзөмөл органынан Бакиевди өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Минск мурунку президент "саясий себептерден улам куугунтукка кабылды" деп эсептеп, аны экстрадициялоодон кайрадан баш тарткан.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG