Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:14

Төрөбаев эл менен жолугушууларда бийликтин иши негизги суроо болуп жатканын айтты


Баткен облусу. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга келген эл.
Баткен облусу. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга келген эл.

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушууларындагы негизги маселелердин бири болуп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 5-сентябрда Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Төрөбаевдин айтымында, элдин суроолору чек ара аймактарынын көйгөйлөрү, жер тилкелеринин жетишсиздиги, суу менен камсыздоо, жол жана турак жай инфраструктурасын жакшыртуу, муктаждар үчүн социалдык жөлөкпулдардын жеткиликтүүлүгү боюнча болууда.

Президенттин тапшырмасы менен өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин эл менен жолугушуулары июль айынан бери өткөрүлүп келе жатат.

Бүгүн 6-сентябрда жолугушуулар Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында өтөт. Андан соң Ош облусунун райондук борборлорунда уюштурулат. (RK)

XS
SM
MD
LG