Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Миграция боюнча өзүнчө мекеме түзүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары миграция тармагын гана тейлеген өзүнчө мекеме түзүүнү президентке жана Министрлер кабинетине сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтылганын депутат Нурлан Шакиев "Азаттыкка" билдирди. Эл өкүлү маанилүү жана көйгөйү көп тармак өзүнчө түзүм болмоюнча иштин жыйынтыгы болбойт деп эсептейт.

"Миграция кызматын өзүнчө бөлүшүбүз керек. Бул эң маанилүү, көйгөйлүү тармак болуп жатат. Ошондуктан ал кайсы министрликтин карамагында болбосун иши натыйжасыз боло берет. Өкмөткө түз баш ийген өзүнчө түзүм болбосо, маселе ойдогудай чечилбейт жана алгылыктуу иш алынып барылбайт. Ошондуктан биз Министрлер кабинетине жана президентке сунуш берип жатабыз", - деди Шакиев.

Эл өкүлү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын маселеси менен таанышуу үчүн Москвага учуп кеткенин, ал жакта тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен жолугуша турганын кошумчалады. Бул маалымат парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында айтылган.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 5-сентябрдагы жыйынына миграция маселесине байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү чакырылып, маалымат беришти.

Орусияда 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген.

Кыргызстанда миграция тармагын тейлеген мамлекеттик мекеме кызмат жана министрлик болуп бир нече жолу өзгөрдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG