Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:55

6-сентябрдын аба ырайы


Түргөн капчыгайы. Ысык-Көл облусу.
Түргөн капчыгайы. Ысык-Көл облусу.

6-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25..30;

Нарындын өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 25…30;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн 16…18, күндүз 34…36 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG