Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Августта Украинанын портторунан азык-түлүк жүктөлгөн 68 кеме чыккан


Украинадан жүгөрү ташып бараткан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.
Украинадан жүгөрү ташып бараткан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.

Инфратүзүм министрлиги август айында Украинанын порттору ачылгандан кийин азык-түлүк жүктөгөн 68 кеме дүйнөнүн 18 өлкөсүнө чыкканын билдирди.

Маалыматка караганда, Одесса порту аркылуу 1,7 миллион тоннадан ашык, Дунайдагы порттордон дээрлик 1,6 миллион тонна, темир жол менен миллион тоннага жакын, автоунаа жолдору менен 600 миң тоннадан ашык азык-түлүк экспорттолгон.

“Биз сентябрда транспорттун бардык түрлөрү менен кеминде 8 миллион тонна азык-түлүктү экспорттоону пландап жатабыз”, - деди инфратүзүм министри Александр Кубраков.

Август айында Украинанын портторуна жүк алып кетүү үчүн 67 кеме киргени кабарланды. Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Бул келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылган. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берген. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын баасын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалаган.

XS
SM
MD
LG