Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:08

АКШ БУУнун Шинжаңдагы адам укуктары боюнча отчетун кубаттады


Кытайдагы мусулмандардын таламын талашкан митинг. Стамбул шаары, 1-апрель, 2021-жыл.
Кытайдагы мусулмандардын таламын талашкан митинг. Стамбул шаары, 1-апрель, 2021-жыл.

Америка Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына каршы иштерин “адамзатка каршы кылмыш” катары мүнөздөгөн баяндамасын кубаттады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-сентябрдагы билдирүүсүндө, докладда Кытайдын уйгурларга жана башка этникалык азчылыктарга карата “үрөй учурган мамилеси сүрөттөлгөн” деп билдирди.

“Бул отчет Шинжаңдагы уйгурларга, ошондой эле башка этникалык жана диний азчылыктардын өкүлдөрүнө каршы бийлик (ред: Кытайдын) жасап жаткан геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча биздин олуттуу тынчсыздануубузду бекемдейт жана тастыктайт”, - деди Блинкен.

31-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасы жарыяланган. Анда Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасаганы “адамзатка каршы кылмышка” барабар болушу мүмкүн деп белгиленген.

48 барактан турган баяндама буга чейин укук коргоочулар жана башка эл аралык уюмдар айтып келген билдирүүлөрдү ырастагандай болду.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Ал жерде 1 миллионго чейин адам бар экени айтылып жүрөт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракетин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген. АКШ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжинди “уйгурларга каршы геноцид кылып жатат” деп айыпташкан.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

XS
SM
MD
LG