Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялады


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламентте элге кайрылуу кылып, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялады. Ал мындай чечимди адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда реформаларды ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты керектиги менен байланыштырып, шайлоого өзү да катышарын билдирди.

“Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору. Ошондуктан кызматтык мөөнөтүмдү кыскартып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын”, - деди Токаев.

Ал президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча сунушун берди. Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, президент беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлана алат.

Касым-Жомарт Токаевдин президенттик мөөнөтү 2024-жылы бүтөт. Ал буга чейин кийинки шайлоого да катышуу ниети бар экенин айткан.

Июнь айында Казакстандын бийлиги Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, анда биринчи президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык беренелер, анын ичинде катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга болгон укугу алынган.

2019-жылы март айында Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтотуп, кызматты Сенаттын ошол кездеги төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Ошол эле жылдын июнь айында болгон шайлоодо Токаев жеңип президент болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG