Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

ЕБ Орусия менен виза режимин жеңилдетүү келишимин токтотот


Шенген визасынын логотиби. Иллюстрациялык сүрөт.
Шенген визасынын логотиби. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Орусия менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди токтотууну макулдашты. Мындай чечим 31-августта Прагадагы жолугушууда кабыл алынганын Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртону билдирди. Анын сөзүнө караганда, Еврошаркеттин бир катар мүчөлөрү орус жарандарына виза берүүнү толук токтотууну колдогон жок.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел бул келишимдин токтотулушу орусиялыктардын Евробиримдикке киришин оорлотуп, баасын да кымбаттатарын айтты. Буга чейин чечим кабыл алынса, виза орусиялыктар үчүн мурдагыдай 35 евро эмес, 80 еврого көтөрүлүп, арызды кароо мөөнөтү узартылары кабарланган.

The Financial Times басылмасы Прагадагы жолугушууда Латвия, Литва, Польша, Финляндия жана Эстония Орусиянын жарандарынын Шенген аймагына киришин коомдук коопсуздукка коркунуч деп билдиргенин жазган.

Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда виза берүүнү жеңилдетүү тууралуу макулдашуу 2007-жылы кабыл алынган. Ал документтин расмий делегациялар үчүн бөлүгү февралдын аягында токтотулган.

Орусия Украинага чабуул жасагандан кийин Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр, анын ичинде Балтика мамлекеттери, Польша жана Чехия орус жарандарына шенген визасын берүүнү биротоло токтотууну же чектөөнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG