Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Зеленский Крымдагы элди Орусиянын базаларынан алыс болууга чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия оккупациялап алган Крым жарым аралынан Харьков облусуна чейинки аймактарда орус армиясынын бир да аскердик базасында тынчтык болбой турганын эскертти. Бул тууралуу ал соңку видеокайрылуусунда билдирди. Ал Украинанын аскерлери орус күчтөрүнүн бардык кампаларын, техникасын жок кыларын айтып, “оккупанттар качып же багынып гана бериши керек” деди.

“Крымдагы биздин элге дагы бир жолу кайрылгым келет. Орусиянын аскердик объектилеринен алыс болгула, орус базаларына жана аскердик аэродромдоруна жакын барбагыла. Крымдын тезирээк бошотулушу үчүн Украинанын атайын кызматына оккупанттар тууралуу бардык маалыматты айткыла”.

Август айында Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик базаларында жана ага жакын аймактарда бир нече жарылуулар болгон.

9-августта Крымдагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жаракат алганын билдирген. Бир нече үйлөр талкаланган. Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан. Украинанын бийлиги да бул жарылууларга тиешеси бар экенин тактаган эмес.

16-августта Крымдагы Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында да катар-катар жарылуулар орун алды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG