Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Каракалпакстанда кармалган 24 киши үй камагына чыгарылды


Каракалпакстан кармалган 24 адамдын бошотулган учуру.
Каракалпакстан кармалган 24 адамдын бошотулган учуру.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан Автоном Республикасындагы тополоңдордо кармалган 24 киши күрөө менен камактан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын башкы прокуратурасы мындай чечимди “мамлекеттик кепилдиктин негизинде баш аламандыктарды иликтеген комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу жана Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин суроо-талабы” менен кабыл алды. Мындан сырткары “кармалгандар баш аламандыктар учурунда жасаган аракеттери үчүн өкүнгөнү” да эске алынган.

Камактан чыгарылгандардын айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагы болсо, айрымдары коомдук көзөмөл чарасы менен алмаштырылды.

Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду. Анда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышып, 516 ашык киши кармалган, кийин бир нечесин коё беришкен. Тиреште 21 адам каза болуп, 274 адам жабыркаган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден көп.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG