Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

“Талибан” Өзбекстан менен Тажикстандан тик учактарды кайтарууну талап кылды


Ооганстандагы тик учак. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы тик учак. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын бийлигин басып алган “Талибан” радикалдык кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарылып кеткен тик учактарды Кабулга кайтарып берүүнү экинчи жолу талап кылды.

TOLO news басылмасы кабарлагандай, талибдер түзгөн өкмөттү коргоо министри Мухаммед Якуб Мужахид аталган эки мамлекетте МИ-17 тик учактары бар экенин, аны кайрып берүүгө убакыт жеткенин айтты. Ал мунун баары “оогандардын менчиги болуп саналарын” билдирди.

“Тик учактарды Ооганстанга кайтарууга америкалыктар уруксат бербей жатат деп айтышууда. Биз америкалыктар менен сүйлөштүк, алар техника ооган элине тиешелүү экенин, эч кимдин менчиги эмес экенин билдиришти. Акыр-аягында бул мүлк баары бир Ооганстанга кайтарылышы керек”, – деди талибдердин министри.

Талиб өкмөтү алгач январда билдирүү таратып, Ташкент менен Дүйшөмбүнү тик учактарды кайтарып берүүгө чакырган. Ошол кездеги коргоо министринин милдетин аткаруучу Мавлави Мухаммад Якуб "эгер учактар кайтарылбаса, кесепети оор болорун" эскерткен.

Дүйшөмбү менен Ташкент эч кандай жооп кайтара элек болчу. Айрым басылмалар Тажикстан менен Өзбекстан АКШга кайрылып, тик учактардын бир бөлүгүн өздөрүндө калтырууну суранышканын жазган. Ошол эле маалда АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) тик учактар талибдерге кайтарылбашы керектигин билдирген.

2021-жылдын 15-августунда “Талибан” бийликти басып алган учурда ондогон ооган аскерлери тик учактар менен коңшу мамлекеттерге качып өтүшкөн. Талибдер кийин Тажикстан менен Өзбекстанга 40 тик учак чыгарылып кеткенин билдиришкен. Тик учактардын көбүн АКШ Ооганстанга мурдагы бийликтин тушунда берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG