Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Аялын өлтүргөнү айтылган милиция кызматкери 12,5 жылга соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук соту аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы милиция кызматкерин 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Ж.А.К. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык ("Адам өлтүрүү") күнөөлүү деп табылган. Мүлкү конфискацияланган эмес.

Соттолуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

2021-жылы 29-декабрында 30 жаштагы Э.Н. аттуу келин токмок жегенден кийин каза болгону кабарланган. Анын өлүмүнө шектелип жолдошу кармалган. Ал Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматында иштей турганы айтылган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан-жылга үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7 миңден түшкөн эмес.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн.

21-июнда Баткен облустук милициясы Кадамжай районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин асынып алганы тууралуу маалымат тараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG