Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:57

Секелектин зордукталышы боюнча сотто шектүүлөргө 13-15 жыл жаза суралды


Бүгүн, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча соттук териштирүү уланды. Анда мамлекеттик айыптоочулар кызды зордуктоого шектелген эки милиция кызматкерин 15, бул ишке катышы бар делген мурда соттолгон адамды 13 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу кыздын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Секелектин зордукталышы боюнча жараян жабык өтүүдө.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого байланышкан ишти тергеп жатканы баяндалган.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG