Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

WP: Орусия согушта колдонуу үчүн Ирандан учкучсуз учактарды алып келди


Ирандагы аскердик учкучсуз учактарды сыноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы аскердик учкучсуз учактарды сыноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согуштун жүрүшүндө пайдалануу үчүн Орусияга ирандык аскердик учкучсуз учактардын биринчи партиясы келип түштү. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы атын атабаган америкалык аткаминерлерге таянуу менен билдирди.

Басылманын ырасташынча, дрондор Ирандан Москвага 19-августта жүк ташуучу авиакаттамдар менен келип түшкөн. Кеп сокку уруучу учкучсуз учактардын Mohajer-6 жана Shahed деп аталган эки түрү жөнүндө болуп жатат. Алар артиллериялык системаларга, радарларга жана башка аскердик буталарга чабуул жасай алат.

Washington Post муну менен катар орусиялык адистер учкучсуз учактарды сыноодо бир катар техникалык маселелерди аныкташканын, ал техниканы фронтто пайдаланууда кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн жазды. Ага карабай АКШнын расмий өкүлдөрү Москва Ирандан жүздөгөн учкучсуз учактарды сатып алганы жатканын боолголоду.

АКШнын өкмөтү Иран Украинадагы согушта пайдалануу үчүн Орусияга аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөткөнү жатканын июль айында расмий эскерткен. Вашингтон ирандыктар орусиялыктарды бул багытта машыгуудан өткөрөрүн да кошумчалаган. Бул маалыматтарды Москва төгүндөгөн.

Августтун башында CNN телеканалы АКШнын чалгындоо маалыматтарын алган америкалык аткаминерге шилтеме берүү менен Иранда акыркы апталарда орусиялыктар учкучсуз учактарды колдонуу боюнча окуудан өтүшкөнүн кабарлаган.

Украинадагы согушта дрондор эки тарап үчүн чоң роль ойноп жатат. Өзгөчө украин тарап чет элдик учкучсуз аппараттардын жардамы менен каршылашынын көп техникасын жана аскерлерин жок кылды. Украин күчтөрү Түркиянын Bayraktar учкучсуз учактарын колдонууда чоң артыкчылыктарды көрсөттү. Киевге АКШ жана башка өлкөлөр да чаканыраак көлөмдөгү көп дрондорду жеткирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG