Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Путин аскерлердин санын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясындагы аскерлердин санын 137 миңге көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эми жоокерлер 1 миллион 13 миң 628ден 1 миллион 150 миң 628ге чейин көбөйтүлөт. Жарлык Орусиянын расмий документтери жарыяланган сайтка жарыяланды.

Өкмөткө жарлыктын аткарылышын камсыз кылуу үчүн Коргоо министрлигине каражат бөлүү тапшырмасы берилди. Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денафикациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (ДНР), “Луганск Элдик Республикасы” (ЛНР) деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Андан кийин Орусия Украинанын чыгышында гана эмес, өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө да согуштук аракеттерди баштады.

Жетинчи айга аяк баскан согушта Киев 9 миңдей жоокерин жоготту. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер 45 миңдей орус аскери өлдү деп эсептешет. Бирок согуш маалында эки тараптын тең жоготуулары тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

Буга чейин орусиялык бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоочулар Орусиянын бийлиги абакта жаткандарды жана мигранттарды согушка азгырып жатканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG