Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Сенектен чарчап калган бала бул ооруга каршы толук эмделбегени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таманына мык кирип, ооруканада чарчап калган беш жашар наристе сенек (столбняк) илдетине каршы вакцинаны убагында толук албаганы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги 25-августта билдиргендей, бала бир жашка чыкканча үч жолу алышы керек болгон вакцинанын алгачкысын төрөт үйүндө алган бойдон калган экөөнү алган эмес. Буга ата-энеси баласын эмдетүүдөн баш тартып койгону себеп болгон.

Баланын сол таманына он күн мурда мык кирип кеткен, алгач аксап басып, кийин денеси ысып, тамагы ооруп, абалы начарлаганда аны Токмоктогу оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырышкан. Дарыгерлер сенек деген диагноз коюшкан. Абалы начарлагандыктан, аны 23-августта оор абалда Бишкектеги инфекциялык ооруканага алып келишкен. Сенекке каршы дары сайылганы менен аны сактап калуу мүмкүн болбой, наристе 25-августта чарчап калды.

Кыргызстанда эмдөөнүн улуттук календарына ылайык, ар бир бала төрөлгөндөн тартып түрдүү жугуштуу жана өтө кооптуу илдеттерге каршы бекер вакцина алып турушу шарт.

Бир нече жыл мурда диний көз карашынан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көп болуп жатканын дарыгерлер айтып жүрүшкөн. Быйыл май айындагы расмий маалыматка караганда, андайлар азая баштады.

Республикалык иммунопрофилактика борбору билдиргендей, былтыркы жылы эмделбей калган балдардын 50% ата-энесинин диний ишенимине байланыштуу болгон. Ага чейинки жылы бул көрсөткүч 68% болчу.

Эмдөөдөн баш тарткандар Кыргызстанда 2021-жылы 11 миң бала, ага чейинки жылы 9 миңдин тегерегинде болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG