Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:46

Кыргызстандык көзү азиз спортчу дүйнөлүк таймашта алтын алды


Жалалдин Абдувалиев. Архивдик сүрөт.
Жалалдин Абдувалиев. Архивдик сүрөт.

Словакияда өткөн триатлон боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык көзү азиз спортчу Жалалдин Абдувалиев алтын медаль утканы тууралуу маалымат дүйнөлүк федерациянын расмий сайтына жарыяланды. Анда айылгандай, турнир Шаморин шаарында 18-21-август күндөрү өттү.

Абдувалиев Мырзабек Орумбаевдин коштоосунда 5 саат 29 мүнөт 38 секунда ичинде 2 километр аралыкты сууда сүзүп, 80 километрди велосипед тээп жана 18 километрди чуркап өтүп, баарынан алдыга чыкты. Ошентип, PTVI категориясында ал 1-орунду ээлеп, алтын байге утуп алды.

29 жаштагы Жалалдин Абдувалиев Жалал-Абад шаарында туулуп-өскөн. Кыргызстандын Триатлон федерациясына 2016-жылы мүчө болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG