Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:39

Орусияда оппозициялык саясатчы армияны дискредитациялоого шектелип кармалды


Евгений Ройзман
Евгений Ройзман

Оппозициялык саясатчы Евгений Ройзман 24-августта Орусиянын армиясын дискредитациялоого айыпталып кармалды. Тагылган берененин негизинде ал үч жылга чейин камалышы мүмкүн. Кармоо тууралуу алгач Mash редакциясы кабарлады.

“Ройзмандын фонду” ТАСС агенттигине билдиргендей, алардын кеңсесинде тинтүү жүрүп жатат. Мындан сырткары Ройзмандын батиринде жана Екатеринбургдагы оппозиционерге тиешелүү "Невьянская икона" музейи да тинтилип жатат. Саясатчынын телефону менен чет элге чыкчу паспорту алынган.

Орусиянын Украинадагы февралда башталган кеңири масштабдагы кол салуусунан кийин Ройзманга орус армиясына шек келтиргени үчүн административдик берене менен үч жолу айыппул салышкан. Саясатчы Орусиянын жетекчилигин катуу сынга алып жүрөт, анын ичинде бийликтин Украинага кол салуу чечимин да кескин айыптаган.

Мурдараак жасаган билдирүүлөрүндө Ройзман өзү кылмыш иши ага Москвада козголгонун кабарлаган. Mash басылмасы билдиргиндей, саясатчыны кармоого полициянын атайын багыттагы бөлүмүнөн сырткары ФСБнын ыкчам адистери да катышты.

Евгений Ройзман — Орусиядагы белгилүү аймактык саясатчы, Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, миллиондон ашык калкы бар Екатеринбург шаарынын экс-мэри. Ал Жазуучулар союзунун мүчөсү жана Орусиянын көркөм академиясынын ардактуу мүчөсү. (ErN)

XS
SM
MD
LG