Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды


Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы 23-августта кабарлады.

Бул кызматты 2021-жылдан бери Рустам Азизбаев ээлеп келген.

Юрист Канатбек Азиз 2011-жылы БШКнын мүчөсү болгон.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү жана анын мүчөлөрүнүн жактоочусу, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2018-жылы атамекенчилер аны акыйкатчы кызматына сунуштап, бирок Жогорку Кеңеште жетиштүү добуш ала алган эмес.

Канатбек Азиз 2020-жылы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун адвокаты болгон. Анын аты бажыдагы коррупция боюнча бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Ошол эле жылы "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG