Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Орусияда каза болгондордун сөөгү Ошко жеткирилди


Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстан аза күтүп жатат.

Аза күтүүгө байланыштуу чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлдү. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулду.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы шейшембиде өлкөдөгү бардык мечиттерде бешим намазынан кийин куран окуларын кабарлады.

Жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү бүгүн кечке жуук жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу "Азаттыкка" билдирди.

Маркумдардын айрымдарынын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.

Алардын сөөктөрү атайын учак менен алып келинди.

Кара-Суу районунун Кенжекул айылындагы тажыя. 23-август, 2022-жыл. Ош облусу.
Кара-Суу районунун Кенжекул айылындагы тажыя. 23-август, 2022-жыл. Ош облусу.
"Бир үй-бүлөнүн таянган тоосу кулады". Кырсыкта каза тапкан Азиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
Орусия: жол кырсыгында кыйылган мугалим өмүрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Ульяновск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков барып кайтышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн жакындарына тапшырып жатып Орусиядагы жол кырсыгына оор жүк тарткан машиненин айдоочусунун каргашага чейин каза тапканы себепкер болгонун айтты.

Министрдин айтымында маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн барган топ жеринде Орусиянын ӨКМнин Ульяновск облустук башкармалыгынын башчысы менен жолугушуп, ал жердеги тергөө ишинин алдын ала жыйынтыктары менен таанышкан.

Лавров жана башкалар көңүл айтты

Ульяновск облусунда кыргызстандыктардын өмүрү кыйылган кайгылуу окуяга байланыштуу Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаевдин атына көңүл айтуу катын жолдогону бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына жарыяланды. Катта министр жол кырсыгында жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айткан.

"Жакындарын жоготуп, кайгыга батып отурган жарандарга биздин колдоо сөзүбүздү жеткирип коюшуңузду өтүнөбүз", - деп жазылган катта.


Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровго 23-августта көңүл айтышкан.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, көңүл айтуу катын Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Беларустун башчылары Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов менен Александр Лукашенко жана башкалар жөнөткөн.

Маркумдардын эң жашы 22 жашта болгон

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августтагы катуу жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып бараткан.

Каргашадан улам кылмыш иши козголуп, анын Орусиянын Тергөө кызматы тергеп жатат.

Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары болуп чыкты.

Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна - 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек - 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна - 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич - 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2. Мусабаева Элнура Турганбаевна - 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина - 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет - 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз - 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы - 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек - 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович - 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Арыстанбек уулу Нуртилек - 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.
5. Ирисбаев Алмазбек - 11.07.1978, Кадамжай району.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгул - 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык - 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек - 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.

Бул мигранттар кабылган экинчи чоң кырсык. 2016-жылы август айында Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 17 кыргыз кыз-келиндин өмүрү кыйылган.

Мигранттардын күтүүсүз кырсыктан каза болушу Кыргызстандагы мекендештердин кабыргасын кайыштырды.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG