Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

Резниченко: Орусия Никополь облусун кайрадан аткылады


Валентин Резниченко.
Валентин Резниченко.

Орус аскерлери Никополь облусуна кайрадан чабуул жасап, эки киши жарадар болгонун Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Валентин Резниченко билдирди.

“Орусиянын замбирек артиллериясынын беш снаряды Марганецтеги турак жайларга түштү. Алдын ала маалымат боюнча, 18 жаштагы кыз менен 40 жаштагы эркек киши жаракат алды. Экөө тең ооруканада”, — деп жазды Telegram баракчасына.

Валентин Резниченконун айтымында, Марганецте имараттар бузулуп, электр чубалгысы иштен чыкты.

19-августка караган түнү орус армиясы Днепропетровск облусундагы үч районду – Криворожск, Синельниковск жана Никопольду аткылаган. Көптөгөн далилдерге карабастан, Москва Украинадагы жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG