Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Түркия менен Израил дипломатиялык алаканы толук калыбына келтирет


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия Израил менен дипломатиялык мамилени толук калыбына келтирерин билдирди. Шаршемби күнкү маалымат жыйынында ал өлкө жакын арада Израилге элчи кызматына талапкерди жылдырарын, ал эми башкы консул кийинчерээк дайындаларын айтты. Израил да Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн калыбына келтирет.

Израилдин премьер-министри Яир Лапид Түркия менен дипломатиялык карым – катыштын кайра башталышын аймактагы туруктуулук үчүн да жана Израилдин жарандарына экономикалык жактан маанилүү экенин билдирди.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада элчилер менен жолугушууда Израилде Түркиянын дипломаттарынын болушу Түркияга палестиналыктарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айткан.

Израил менен Түркиянын дипломатиялык мамилелери расмий үзүлгөн эмес, бирок 2010-жылы Израилдин атайын күчтөрү Түркиядан Газа тилкесине чыккан “Мави Мармара” кемесин кармагандан кийин кескин начарлап кеткен.

2018-жылдын май айында Израилдин негизделгенинин 70 жылдыгына жана АКШнын элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө байланыштуу Газа тилкесиндеги нааразылык акцияларынан кийин Анкара Израилдин Түркиядагы элчисин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG